Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Жалал-Абадда киши өлтүрүүгө шектүү адамдын жакындары пикетке чыгышты


17-сентябрда Жалал-Абад облустук сотунун алдына 100дөй адам пикетке чыкты. Алар Сузак районунун тургуну, киши өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган Таалайбек Тавалдиевдин күнөөсүз экенин айтышты.

Он күн мурун Тавалдиевди Сузак райондук соту эки айга камакка алууга чечим чыгарган.

Жактоочусу Женишбек Каримбаев апелляциялык арыз жазган.

Таалайбек Тавалдиев шек саналып жаткан окуя 2019-жылдын 21-декабрында түндө болгон. Ал мал уурдаган топтун бир өкүлүн уруп, таякталган адам ооруканада көз жумганы айтылууда. Тавалдиев муну моюнга албай, куру доомат экенин айтууда.

Бир канча жолу териштирүү жүрүп, райондук сотто бөгөт чарасы каралып эки айга камак мөөнөтү чегерилген. Кайра териштирүүнүн натыйжасында 17-сентябрда үй камагына чыгарылган. (TB)

XS
SM
MD
LG