Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Конституциялык палата ишкерди чектеген норманы туура эмес деп тапты


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

Сотко кайрылган ишкерди мамлекеттик алым төлөө мөөнөтү жагынан чектеген норма Конституцияга карама-каршы келет. Конституциялык палата ушундай бүтүмгө келгенин 18-сентябрда «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Конституциялык палатага С.Швайберов аттуу жаран кайрылып, Жарандык-процессуалдык кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгү Баш мыйзамга канчалык туура келерин аныктап берүүнү өтүнгөн.

Бул нормада ишкер сотко кайрылганда мамлекеттик алымды бөлүп төлөө же кийин төлөө өтүнүчү менен кайрыла албай турганы жазылган.

Арызданган тарап муну чектөө катары баалап, соттук коргоого алынуу жана ишти жогорку инстанциядагы сотто кайрадан каратуу укугун чектөө деп мүнөздөгөн.

Конституциялык палата өз бүтүмүндө адам төлөм жүргүзө албаса соттон коргоо табуу укугунан ажыроосуна Баш мыйзамдын 103-беренеси жол бербей турганын белгиледи.

Конституциялык палата ​мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Баш мыйзамга ылайыктыгын аныктайт, эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет жана Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду чыгарат. (RK)

XS
SM
MD
LG