17-сентябрда коронавирустун глобалдык көрсөткүчү 30 миллион кишиден ашты.
Ошол эле күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада вирустун бир адамдан башкаларга жугуу көрсөткүчү көбөйүп жатканы тынчсыздануу жаратарын билдирди. Эл аралык уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клуге «муну баарыбыз коңгуроо катары кабыл алышыбыз керек» деп белгиледи.
«Абдан олуттуу кырдалга туш болдук. Апталык көрсөткүч пандемия Европада алгач туу чокусуна жеткен март айында катталган сандардан ашып жатат. Өткөн жумада инфекция жугузгандардын саны аптасына 300 миңден көп болуп келди. Соңку эки жумада Европа өлкөлөрүнүн жарымынан көбүндө инфекциялангандар 10% көбөйдү», - деди ал.
Клуге көбүрөөк тест жасалып жаткандыктан, вирус жуккандардын саны да кайсы бир деңгээлде өскөнүн, ошондой эле мурдагыдан айырмаланып, азыр 25-49 жаштагылардын арасында инфекция жугузуп алгандар арбыганын кошумчалады.
Европада коронавирус пандемиясы башталгандан бери төрт миллион 900 миңге жакын киши ооруду, 226 миңден ашуун адам көз жумду. Испанияда вирус тездик менен тарап жатса, Францияда бейшембиде бир эле күндө вирус жугузуп алгандардын саны 10,5 миңден ашты. Чехияда бир суткада 3 130 жаңы учур катталган.
Дүйнөлүк алкакта коронавируска чалдыккандардын эң көбү АКШда (6,664,021), андан кийин Индия турат (5,118,253), үчүнчү орунда Бразилия (4,419,083) келатат. 17-сентябрга карай пандемия дүйнөдө 945 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.