Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыйноого каршы борбор Бишкекте убактылуу камалгандардын шартын таш боор мамилеге теңеди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноого каршы улуттук борбор Бишкектин милиция бөлүмдөрүндө камакта отургандардын шартын таш боор жана ырайымсыз мамилеге барабар деп мүнөздөдү.

Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, борбор шаардын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүзүлүп, тергөө абагына жана шаардык убактылуу кармоочу жайга которулушу керек болгондор отурганы аныкталды.

Борбордун басма сөз кызматы билдиргендей, соттун камакка алуу тууралуу чечими чыккандар Бишкектин №1 тергөө абагында, ал эми тергөө камагына алынгандар шаардык камак жайда кармалышы керек болчу.

Мекеме алардын баары райондук милициянын имаратында отурганын мыйзам бузуу деп баалады.

Ошону менен катар, Кыйноого каршы улуттук борбор тараткан маалыматта милиция бөлүмдөрүндө адамды камакта кармоонун гигиеналык, санитардык шарттары сакталбаганы, уктай турган жери жок экени, өрт коопсуздугу жана тамак-ашы камсыздалбаганы жазылды.

Милиция жетекчилиги мындай абал түзүлгөнүнө шаардык убактылуу камак жайы коронавируска анализ тапшыргандарды гана кабыл алып жатканы себеп болуп жатканын, бул тууралуу тийиштүү буйрук бар экенин билдирди.

Ал эми кармоо шарттары тууралуу айтылган сынга шаардык милиция жооп бере элек.

Кыргызстанда тергөө абактарында адамдар өтө көп экенин, алардын айрымдары күнөөсү далилдене элек болсо да айдап-жылдап камакта отурганын, тергөө да, сот да создуккан учурлар бар экенин укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Мындай маселе актуалдуу экени президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да белгиленген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG