Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Чукул билдирүү: Үшүк жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-21-сентябрь күндөрү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана кээ бир райондордо 0…-2° болуп үшүк жүрүшү мүмкүн.

19-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24 градус.

XS
SM
MD
LG