Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Пактия провинциясынын жетекчисинин кеңешчиси атып өлтүрүлдү


Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын расмий бийлик адамдары өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясынын башчысынын кеңешчиси Аюб Гарвалды белгисиз жоочулар атып кетишкенин кабарлашты. Ооганстандын президенти Ашраф Гани Гарвалдын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ага 19-сентябрда провинциянын Гардез шаарындагы университетке баратканда кол салуу болгонун жазышты. Азырынча Аюб Гарвалдын өлүмү боюнча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек, бирок бул аймакта талибдер эбактан бери эле бар.

Катарда тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканына карабай соңку күндөрү Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен «Талибан» кыймылынын Нангархар провинциясындагы согушу токтогон жок.

15-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын сүйлөшүүлөрүн кубаттап, тараптарды согушту биротоло токтотууга чакырган резолюция кабыл алган. Мындан тышкары кеңеште БУУнун Ооганстандагы саясий миссиясынын ишин дагы бир жылга узартуу маселеси чечилген.

XS
SM
MD
LG