Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Бишкекте шайлоо тилкелеринде адамдарды каттоо системасы иштебей жатат


№ 1047 шайлоо тилкесинде №2 форманы толтурууга кезек күтүп тургандар.
№ 1047 шайлоо тилкесинде №2 форманы толтурууга кезек күтүп тургандар.

№2 форманы толтуруш үчүн Бишкекте шайлоо тилкелеринде шайлоочуларды каттоо системасы иштебей, кишилер кезек күтүп турганы тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады.

Бишкектин Ленин районундагы №1047 шайлоо тилкесинде да адамдар каттоодон өтө албай жатат. БШКнын Ленин району боюнча системдик администратору Самат Турусбеков «Азаттык» радиосуна Бишкек шаары боюнча ушундай маселе бар экенин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкекте буга чейин эки эле шайлоо участкасында маселе жаралып, ал убагында кайра жөнгө салынганын айтууда.

Бүгүн, 19-сентябрда шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоонун же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз берүүнүн акыркы күнү.

Боршайком Кыргызстанда иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары адамдарды саат 20:00гө чейин кабыл аларын билдирди. Чет өлкөдө ачылган шайлоо тилкелери, анын ичинде Орусия менен Казакстандагы участкалар саат 21:00гө чейин иштейт.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат.

Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келишет. №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG