Чукул билдирүү:
20-21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 21-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°,, күндүз 24…26° болот.