Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Минскидеги аялдар маршында жүздөгөн адамдар кармалды


Минск шаарындагы аялдардын тилектештик маршы. 19-сентябрь, 2020-жыл.
Минск шаарындагы аялдардын тилектештик маршы. 19-сентябрь, 2020-жыл.

Беларустун Борбору Минск шаарында 19-сентябрда аялдардын тилектештик маршында ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармады. Автозактарда аларды киргизүүгө орун да калбай калды.

Ак-кызыл-ак түстүү желек, SOS деген жазуусу бар плакаттарды көтөргөн демонстранттар колонна болуп басышты. Алар «Журналисттерге рахмат», «Биз ишенебиз, биз жасайбыз, биз жеңебиз» деп ураан чакырышты. «Азаттыктын» беларус кызматы маршка чыккандар миңден кем болбогонун кабарлады. Жолдон аларды айдоочулар да колдоп турушту.

ОМОНдор аларды «Айсберг» деген соода борборунун жанынан кармап, автозактарга сала башташкан. «Весна» укук коргоо уюму кармалгандардын ичинен 160 аялдын аты-жөнүн жарыялады. Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская өлкөнүн Ички иштер министрлигин кармалгандарды коё берүүгө чакырды.

Акцияга чыккандар кармала баштаганда оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы күч органдарынын 1000 кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады. Каналдын авторлору алардын колунда ИИМдин кызматкерлери тууралуу маалымат базасы бар экенин билдирди.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.

XS
SM
MD
LG