Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тартты


Айтмамат Назаров (оң жакта).

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тартты.

Ал 21-сентябрда ушундай арыз жазганын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат.

«Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен.

Назаров мүчө болгон «Кыргызстан» партиясы шайлоо эрежесин бузган деп буга чейин да эки жолу маселе көтөрүлгөн.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG