Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаарында тартылган сүрөт. Сентябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаарында тартылган сүрөт. Сентябрь, 2020-жыл.

23-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынун тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6° болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23° болот. Жаан-чачын жок.

XS
SM
MD
LG