Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Базар-Коргондо айыл өкмөт башчы «Мекеним Кыргызстандын» үгүт жыйынына катышты


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Дөөлөталиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт жыйынына катышып, мыйзам бузганы тууралуу маалымат тарады.

«Азаттыктын» аймактагы кабарчысы Дөөлөталиевге байланышканда, ал 20-сентябрда Жаш Ленин айылында партия өкүлдөрү суранышканы үчүн үгүт жыйынына катышканын ырастады. Бирок жыйында эч кимди партияга добуш берүүгө үгүттөбөгөнүн билдирди.

«Элдин коопсуздугу үчүн катышкам, ызы-чуу чыгып кетпесин дегем»,-деген Дөөлөталиев эмнеден улам ызы-чуу чыгып кетиши ыктымал болгонун айткан жок.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, кызмат адамына партиялардын үгүт иштерине катышууга тыюу салынган.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (SE\TB)

XS
SM
MD
LG