Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Кыргызстандыктар үчүн Орусияга кирүүдө чектөөлөр алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия төрт мамлекеттин - Беларустун, Кыргызстандын, Кореянын жана Казакстандын жарандарына өлкө аймагына кирүүдөгү чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтү билдирди.

Маалыматка караганда, 20-сентябрдан тартып аталган өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына аба каттамдары аркылуу кирүүгө уруксат берилет.

Аба каттамдары жумасына бир жолу жүргүзүлүп турат. Кыргызстан, Казакстан, Беларус менен аба каттамдары 21-сентябрда, Түштүк Корея менен 27-сентябрда калыбына келери айтылды.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамы жандана турганын 22-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын жыйында орус вице-премьер-министри Алексей Оверчук да билдирди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл мартта көптөгөн мамлекеттер чек араларын жаап, аба, темир жол жана транспорт каттамдары токтогон болчу.

Пандемияда Орусия жана башка жактагы мекенине кайтууга муктаж болгон жарандар чартердик каттамдар жана автобустар менен Кыргызстанга жеткирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG