Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Президент мамлекеттик тил багытында мүчүлүштүктөр бар экенин билдирди


Президент Сооронбай Жээнбеков эгемендиктин 29 жылдыгында. Бишкек шаары. 31-август, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков эгемендиктин 29 жылдыгында. Бишкек шаары. 31-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган 31 жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнү, өз ара түшүнүшүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун да тилине айланганы айтылат.

«Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат», деп жазылган Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына бүгүн туура 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ.

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргызстанда атайын иш-чаралар өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG