Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Финпол: казынага алты млн. сом салык түшпөй калганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 21-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмүнүн биринин башчысы кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам башка кызматкерлер менен өз ара сүйлөшүп алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Алар Кыргызстандын жарандарынын атына алардын катышуусуз жана кабардар кылбай туруп мыйзамсыз патент берген. Аны менен Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) күнүмдүк товарлар ташылган жана мамлекеттик казынага алты миллиондой сом салык түшкөн эмес.

Кармалган жетекчи азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында. Бүгүн, 23-сентябрда Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карайт.

Мамлекеттик салык кызматы Финансы полициясынын маалыматына комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG