Орусия менен Казакстандын чек арасында калган эки миңге жакын өзбек мигранты мекенине жеткирилди, дагы үч миңдейи Самара облусунда калды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн дем алыш күндөрү Новосибирск шаарынан жана Самара облусунан чыккан атайын поезд каттамдары Ташкентке жетишти. Келгендердин баары изоляцияга алынды.
Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» Орусиянын Оренбург аймагында калган кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу маселеси жакын арада чечилип каларына үмүт артып турганын 22-сентябрда билдирген. Элчиликтин эсебинде Оренбург облусу менен Башкыртстан Республикасында чек арадан өтө албай турган 3500дөй кыргыз жараны бар.
Пандемия башталганы Орусияда көптөгөн мигранттар жумушсуз калышкан. Жаздан бери Орусия менен Казакстандын чек арасында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары улам жыйналып, чек арадан өтүү маселеси жаралууда. Мамлекеттер ортосунда макулдашуулар келишилгенден кийин гана өлкөлөр өз жарандарын поезд, автобус менен кайтарып келишет. Ташкент май айынан бери Самара облусунан он миңден ашуун жаранын алып келген.