Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Бишкекте салык кызматкери ишенимден чыкканы үчүн жумуштан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук салык инспекциясынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Кызматкерди иштен бошотууга 2018-жылы анын жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан кармалышы негиз болгон.

Финполиция 21-сентябрда Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин райондук бөлүмүнүн биринин башчысы кармалганын билдирген.

Ал башка кызматкерлер менен өз ара келишип алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Алар Кыргызстандын жарандарынын атына алардын катышуусуз жана кабардар кылбай туруп мыйзамсыз патент берген. Аны менен Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) күнүмдүк товарлар ташылган жана мамлекеттик казынага алты миллиондой сом салык түшпөй калган.

Кармалган жетекчи азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында. (SE)

XS
SM
MD
LG