Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Уюм коронавирустун жайылышы боюнча Австрия бийлигине каршы арыз берди


Ишгль чаңгы курорту, Австрия.
Ишгль чаңгы курорту, Австрия.

Кардарлардын укуктарын коргоо боюнча жеке менчик уюм Ишгль чаңгы (лыжа) курортундагы коронавирустун жайылышы боюнча Австриянын бийлигине каршы төрт жарандык доо арыз бергенин кабарлады. Бирок топ азырынча жамааттык арыз берүүдөн карманганын билдирди.

Ишглдеги очоктон вирус бүт Европага тараган. Жергиликтүү тургундар жана миңдеген чет өлкөлүк туристтер дал ошол жактан, лыжа тепкенден кийин эл барларга, кафелерге топтолгондо вирус жугузуп алышканын айтууда. COVID-19 илдетинин биринчи учуру курортто 7-мартта, инфекция Австрияда алгач табылгандан 11 күндөн кийин катталган.

Канцлер Себастьян Курцтун өкмөтү Ишглде 13-мартта карантин жарыялаган, бирок туристтерге чыгып кетүүгө урускат берилген. Сотко кайрылган уюм бул процесс башаламан жүргөнүн билдирүүдө. Кардарлардын укуктарын коргоочулар бийликтин реакциясы жай болгонун, өкмөт туристтик бизнестин кысымына кабылган болушу ыктымал экенин да белгилешет. Расмий Вена дооматтарды четке кагууда жана ошол маалда колдо болгон маалыматтарга ылайык иш алып барганын маалымдап келатат.

XS
SM
MD
LG