Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Боронов саясий партияларды элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы онлайн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып саясий партияларга кайрылды. Боронов партияларды парламенттик жарышта элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды.

«Жарандык позициябызды туура кармап, өз кызыкчылыктарыбызды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле», - деди Боронов.

Өкмөт башчы Аравандагы окуяга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын белгилеп, шайлоо туруктуулукка шек келтирүүгө татыбай турганын айтты. Ошондой эле Боронов үгүт иштеринде санитардык эрежелер сакталбай жатканын белгилеп, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары баалады.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG