Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

«Республика» партиясы Кадамжайдагы акча тараткан окуяга тиешеси жок экенин билдирди


Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясы Кадамжайда жарандарга акча таратылган окуяга тиешеси жок экенин билдирди.

Партия 24-сентябрда ушундай билдирүү таратып, Интернетке тараган видеодо адамдарга акча таратып жаткан киши партия менен кызматташпай турганын маалымдады.

23-сентябрда Баткен облустук милициясы Кадамжайда бир тургун шайлоодо жарандардын добушун сатып алуу максатында акча таратканы үчүн суракка чакырылган билдирген.

Партия акча таратууга шек саналган киши «Республиканын» тизмесиндеги талапкерлердин биринин досу экенин, айылдаштарын үгүт жыйынга алып келүүгө автоунаа уюштурганын кошумчалап, окуяны ачык-айкын иликтөөгө чакырды. (SE)

XS
SM
MD
LG