Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Масктын билдирүүсү «Тесланын» акциясын кескин арзандатты


Илон Маск.

«Тесла» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Илон Маск үч жыл ичинде электромобилдерди эки эсе арзандатып, 25 миң долларга чейин түшүрүүгө убада берди. Ошол эле учурда автоунаанын батарейкасынын кубаты жогорулай турганын 23-сентябрда компания акционерлеринин жылдык жыйынында жарыялады.

Учурда «Тесланын» эң арзан машинеси «Model 3» 38 миң доллар турат.

Адатта электромашинелер үчүн батарейканы жасоодо эң кымбат саналган материалдардын бири кобальт колдонулат.

Маск бааны арзандатыш үчүн автоунаа батарейкасын Невададагы «гигафабрикасында» чыгарууну көздөп жатат.

«Тесланын» акциясына акча салган инвесторлор технологиялык жаңылык жакын арада ишке ашат деп күтүп жаткан. Ошондуктан Масктын жарыясынан кийин шаршембиде «Тесланын» акциялары 10% арзандады.

XS
SM
MD
LG