Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Бишкекте ишкерди тоноо үчүн шектүү катары мурда соттолгон адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте быйыл январда ишкерди тоноо үчүн шектүү киши кармалганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну Бишкектен кармалган. Ал мурда соттолгону, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгилүү болду.

Шектүү учурда министрликтин Тергөө кызматына өткөрүлүп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүү иши уланууда.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2020-жылдын 30-январынын кечинде Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки киши жергиликтүү ишкерге кол салып, аны тапанча менен коркутуп өздөрүнүн автоунаасына салып кетишкен. Баш калаадагы эски аэропортко алып барып, ишкерди бир күн кечке кармап, 500 долларын, 12000 сомун карактап кетишкен.

Факты Октябрь райондук милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Февралда прокуратура ишти иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп, ал Жазык кодексинин 202-беренеси («Курал-жарак колдонуп, бир нече кишинин катышуусунда каракчылык кылуу») менен иликтене баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG