Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:05

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жиберди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень, Ош облусуна– 682673, Баткен облусуна – 284300, Нарын облусуна – 176203, Ысык-Көл облусуна – 290766, Талас облусуна – 149008, Чүй облусуна – 586669 бюллетень жиберилди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата жалпысынан 3 523 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды.

«Учкун» ишканасында бюллетендерди басуу жараянына күнү-түнү атайын жумушчу топ мониторинг жүргүзгөнү кабарланды.

БШК шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ экенин, автоматтык эсептөөчү үкөк ар бир бюллетенди таанышы үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрүн билдирип жатат.

«Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам боюнча шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда жиберилет.

Бюллетендер участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 1-2 күн калганда жеткирилүүгө тийиш. Алар шайлоо комиссияларына коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилиши керек.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоо 4-октябрда болот. (NT)

XS
SM
MD
LG