Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Москвада карантиндик чаралар көрүлө баштады


Москва.
Москва.

Москвада бир суткада коронавирус жукканы аныкталгандар июндан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетип, акыркы суткада миңден ашты. Бир апта ичинде ооруканага түшкөндөр 30% көбөйдү.

Ошондон улам калаанын жетекчилиги 28-сентябрдан тартып карантин чараларын киргизе турганын жарыялады. Мэр Сергей Собянин 65 жаштан ашкандарды жана өнөкөт оорусу барларды олуттуу себеп болбосо үйдөн чыкпоого чакырды. Мэрия ошондой эле баш калаадагы беш миңдей ишкананын жетекчилигинен кызматкерлеринин көбүн болушунча аралыктан иштөөгө жиберүүнү суранды.

Орусияда коронавируска жукканы аныкталгандар бир млн. 136 миңден ашты, 20 миңден көп адам көз жумду.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 32 миллиондон ашты. 980 миңден көп адам өлдү.

Британияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 6634 адамдан табылды. Бул пандемиянын башынан берки эң жогорку көрсөткүч. Илдетке чалдыккандар Франция, Испания, Чехияда да кескин көбөйүп баратат.

24-сентябрда Швециянын премьер-министри Стефан Левен өлкөнүн ар кайсы аймагында коронавирус жугузгандардын көбөйүп жатышы тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди.

Швеция жапырт иммунитетти табигый жол менен пайда кылууну көздөп, коронавируска каршы катаал чара көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG