Коронавируска байланыштуу кырдаал күн сайын начарлап бараткандыктан, Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата пландалган веложүрүш өтпөй турган болду. Иш-чара 27-сентябрда болмок.
Мэриянын басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирүү таратып, шаардык администрация аргасыздан кабыл алынган чечимден улам элден кечирим сурады.
Кыргызстанда 25-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку эки-үч жумадагы эң жогорку көрсөткүч. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Акыркы күндөрү сакайгандарга караганда оору жуккандар көбөйүүдө.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган. 25-сентябрда 45932 кишиге жетти. Алардын 42147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. (SE)