Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду жана түркмөн элин Эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 27-сентябрда президенттик аппарат кабарлады.
«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген достук алакалар мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенемин»,-деп белгиленет куттуктоодо.
Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухаммедовго жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгилик, ал эми түркмөн элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.
1991-жылдын 27-октябрында Түркмөн ССРнин Жогорку Совети Түркмөнстандын көз карандысыздыгы жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул күн 26 жылдан бери Эгемендик майрамы катары белгиленген. Түркмөнстандын Межлиси 2018-жылдан тартып бул күндү майрамдоону 27-сентябрга жылдырып койгон. (ErN)