Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Бишкекте «Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы акция башталды (видео)


«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы митинг. Бишкек, Кыргызстан. 27-сентябрь, 2020-жыл.
«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы митинг. Бишкек, Кыргызстан. 27-сентябрь, 2020-жыл.

Бишкекте «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» аталышындагы акция өтүп жатат. «Эл, эрк, эркиндик!», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандарды кыйкыргандар Эркиндик бульварынан жүрүш жасап, борбордук аянтка келишти.

Митингде болжол менен 200-300дөн көп адам жүрөт. Чогулгандардын бир бөлүгү «Реформа» партиясынын желегин кармап жүрүшөт.

26-сентябрда Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалайт.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз, кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген анда Марат Аманкулов.

Бул күнү түштөн кийин Аманкулов билдирүү таратып, видеону чагым деп атаган. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын айтып, андагы сөздөрү контексттен суурулуп алынганын билдирген.

Бирок Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.


Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын пикирин айткандар көп болууда. Айрымдар 27-сентябрда Бишкекте митингге чыкмай болушкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG