Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кыргыз журналистикасынын пандемия убагындагы абалы талданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы журналистиканын пандемия убагындагы абалы талдоого алынды. 28-сентябрда «Журналисттер» коомдук бирикмесинин сайтына «Пандемия алсыраткан кыргыз медиасы» деген темадагы аналитикалык макала жарыяланды.

Бирикменин жетекчиси Марат Токоев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анда «дүйнөнүн ири бизнес компанияларынын ишин тушаган сыяктуу эле пандемия кыргыз медиасын да кыйла кыйын абалга кептегени, контент даярдоодогу каржылык жана кадрдык таңкыстык көбүнүн башын катырып турганы, карантин маалындагы түйшүк өзүнчө болсо, андан кийинки жашап кетүү да ойго салганы» белгиленди.

Жарнаманын эсебинен иштеген маалымат каражаттары карантиндик режим киргенден кийин бир нече ай бою таптакыр кирешесиз отуруп калганы, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып же кызматкерлери азайганы айтылды.

Ошону менен катар мамлекеттик буюртмага болгон муктаждык эске түшкөнү, мындай шартта «ЖМКлар көп көңүл бурбаган маданият, экология жана искусство тармактарындагы маселелерди чагылдырыш үчүн мамлекет буюртма аркылуу колдоо көрсөтсө, журналисттер краудфандинг ыкмасын да колдонсо болору» тууралуу кеп козголду.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, Кыргызстан cөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 180 өлкөнүн ичинен 82-орунга көтөрүлдү. 2019-жылы 83, 2018-жылы 98-катарда болчу. Бирикме белгилегендей, Борбор Азияда Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан сап башында, бирок аймактагы эмес, «дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөргө карап түздөнүү негиздүү жана зарыл».

Кыргызстанда соңку саясий өнөктүккө – 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата 61 телекомпания, 27 радиокомпания, 59 гезит-журнал жана 77 интернет-басылма катталган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Коронавируска каршы чаралардын алкагында Кыргызстанда башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле ЖМКга да чектөө салынган.

Кыргызстандын журналисттеринин көз каранды эмес бирикмеси өлкөдөгү эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүү боюнча антикризистик план иштеп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG