Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Комендант Орозалиев: журналисттердин иштөө форматы карала элек


Алмазбек Орозалиев.

Бишкек комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө форматын карап чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Азырынча карала элек. Бир нерсе деп айта албайм. Республикалык штаб да бизге тапшырма бере элек. Комендатура алардын чечимине жараша маселени карайбыз», - деди Орозалиев.

14-апрелде президенттин аппаратты коронавируска каршы республикалык штабга жана жер-жерлердеги комендатураларга медиалар менен иштөө форматын, аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуш кылган. Штаб азырынча комментарий бере элек.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Президенттин 14-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилип, аймакта өзүнчө комендатура түзүлдү.

Өзгөчө абалга байланыштуу бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.

Журналисттердин ишинин чектелиши депутаттардын, эл аралык уюмдардын жана медиа эксперттердин сынына кабылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG