Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

29-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Сары-Челек.
Кыргызстан. Сары-Челек.

29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. ​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 14…19;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20 градус.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жааашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 14…16° болот.

XS
SM
MD
LG