Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 6…11, күндүз 14…20;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…7, күндүз 15…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 13…15° болот.

XS
SM
MD
LG