Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Франциянын президенти Макрон Тихановская менен жолукту


Светлана Тихановская Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуудан кийин. 29-сентябрь, 2020-жыл. Вилнюс.
Светлана Тихановская Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуудан кийин. 29-сентябрь, 2020-жыл. Вилнюс.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 29-сентябрда Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен жолукту. Литвада өткөн жолугушуудан соң Макрон Европа Беларустагы абалды жөнгө салууга жардам берерин билдирди. Ал журналисттерге сүйлөп жатып: «Биз европалыктар катары ортомчулукка жардам бериш үчүн болгон аракетти көрөбүз», - деди.

Ал эми Светлана Тихановская француз президенти менен жолугушууда Беларустагы саясий кризисти жөнгө салууга жана саясий туткундарды бошотууга жардам бериш үчүн бардыгын кыла турганын билдиргенин айтты. Макрондун кеңсесиндеги булактар кабарлагандай, Макрон менен Тихановскаянын жолугушуусу 35 мүнөткө созулган.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин саясий кризис тереңдеп баратат. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон 37 жаштагы Светлана Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада жашап жаткан оппозициячыл саясатчы эл аралык коомчулукту шайлоону тааныбоого чакырып келет. Европарламенттин жетекчилиги Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялаган.

Литвага жана Латвияга барарда журналисттер менен маектешип жатып француз президенти Эммануэл Макрон Лукашенко «бийликтен кетиши керек» экенин айткан болчу.

Александр Лукашенко шайлоодогу мыйзамсыздык, адам укуктарын бузуу боюнча дооматтарды четке кагып, сырткы кийлигишүү үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптап келет.

XS
SM
MD
LG