Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Кыргызстандык сүрөтчүлөр Лондондогу долбоордо жеңүүчү болушту


Евразия чыгармачыл бирикмесинин логотиби.
Евразия чыгармачыл бирикмесинин логотиби.

Кыргызстандык сүрөтчүлөр Адылбек Байтереков менен Лариса Пактын эмгектери «Евразия-2020. Топ-25. Исскуство чыгармалары» деп аталган жаңы эл аралык долбоордун жеңүүчүлөрү болушту.

Бул туралуу «Азаттыкка» Лондондогу Евразия чыгармачыл бирикмесинин өкүлү Жумадил Кымбат Аскар кызы билдирди. Анын айтымында, долбоор пандемияга байланыштуу онлайн режимде өткөрүлдү. Ага дүйнөнүн ар кайсы бурчунан сүрөтчүлөр, скульпторлор, фотографтар, модельерлер, дизайнерлер, иллюстраторлор, графикалык дизайнерлер жана визуалдык искусство жаатындагы таланттар катышты.

Беш айда долбоорго жети өлкөдөн 137 чыгарма келип түшкөн.

Жеңишке жеткен кыргызстандык Лариса Пак - эркин сүрөтчү, акын, Кыргызстан Сүрөтчүлөр бирикмесинин, Лондондогу Евразия чыгармачыл бирикмесинин мүчөсү.

Ал эми Адылбек Байтереков республикада жана чет өлкөлөрдө сүрөтчү эле эмес, графика, кийиз сүрөтчүсү катары белгилүү. Анын табигый материалдан тарткан сүрөттөрү, композициялары көрүүчүгө эстетикалык маанай тартуулайт.

Жеңүүчүлөрдүн эмгектери 2020-жылдын 1-октябрында Евразия чыгармачыл бирикмесинин расмий сайтына жарыяланат.

Евразия чыгармачыл бирикмеси дүйнө жүзүндөгү маданий ишмерлеринин башын бириктирип, жазуучу, акын, музыкант, бийчи, иллюстратор, графикалык дизайнер, скульптор өңдүү өнөр адамдарынын эмгектерин жайылтуу максатында түзүлгөн. (MSd)

XS
SM
MD
LG