Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Тоолуу Карабактагы абал үчүн Баку менен Ереван бири-бирин айыптоодо


Тоолуу Карабактагы акыркы абал.
Тоолуу Карабактагы акыркы абал.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабактагы чатактын ырбашы үчүн бири-бирин айыптап жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения алардын Дашкенсан районун аткылаганын билдирди. Анын кесепетинен ондогон адамдар каза болгону кабарланды. Ереван Бакунун мындай дооматын «карандай калп» деп жокко чыгарды. Армян коргоо министри шаршембиде азери аскерлери Варденис айылына ок жаадырганын жарыялады. Андагы маалымат боюнча Гардут шаарын аткылоодон бир жайкын тургун каза таап, дагы үчөө жарадар болгон. Ал эми Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги акыркы эки күндөгү ок атышуудан 84 аскер каза болгонун кабарлады.

Эки тарап тең аскердик кырдаал жарыялап, аскер курагындагы жарандар мобилизацияланып жатат. Армениянын бийлиги өлкөдөгү 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин өлкөдөн чыгышына тыюу салды.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш баштаган бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери эки өлкөнүн лидерлерин атышууну токтотууга чакырууда. БУУнун баш катчысы сүйлөшүүлөрдү жандантууну, ЕКККунун байкоочуларын аймакка жөнөтүүнү сунуш кылды.

ЕККУнун Минскидеги тобу 1992-жылы чырдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылыш үчүн түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

XS
SM
MD
LG