Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Шайлоонун каржылык ачыктыгы боюнча журналисттер арасында сынак жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттер арасында шайлоонун каржылык ачыктыгы боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» сынакты өткөрүп жаткан «Кыргыз  Республикасынын журналисттеринин көз каранды эмес бирикмеси» уюмунун жетекчиси Азамат Касыбеков билдирди.

Анын айтымында, сынак шайлоонун каржылык ачык-айкындуулугу жана инклюзивдүүлүгү деген эки теманы камтыйт. 

«Негизги максаттары – шайлоочулардын укуктук маданиятын, медиа материалдардын сапатын жогорулатуу жана журналисттерге дем берүү», - деди ал.

Сынак Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен чогуу уюштурулуп жатат. Жыйынтыгы 24-октябрда жарыяланат.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул саясий өнөктүккө карата 61 телекомпания, 27 радиокомпания, 59 гезит-журнал жана 77 интернет-басылма катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG