Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Бир күндө дагы 11 медкызматкерден коронавирус табылды


Медицина кызматкери иш учурунда.
Медицина кызматкери иш учурунда.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы 11 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, вирус жугузуп алгандардын бешөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, дагы бирөө Талас дубанында катталды.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстанда COVID-19 катталган март айынан бери илдет жугузуп алган медициналык кызматкерлер 3266га жетти. Анын 3021и айыкты. Пандемия 83 медицина кызматкеринин өмүрүн алды.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда коронавирус жугузуп каза болгондорго бир миллион сомдон кенемте берилиши керек. Ал эми вирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 28-сентябрдагы маалыматы боюнча вируска чалдыккан медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон кенемте берилди. Каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсү гана миллион сомдон кенемте алды.

Калган медицина кызматкерлеринин тийиштүү документтерин комиссия карап жатканы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG