Кыргызстандын Аскер прокуратурасы жаш кыздарга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деп айыпталган мурдагы чек арачы боюнча Чүй облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанганы жатат.
Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Самат Матцаков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Аскер прокуратурасынын жана жабырлануучулардын доо арызы ушул күндөрү Жогорку сотко берилет.
Чүй облустук соту 28-сентябрда Токмок шаардык сотунун чечимин өзгөртүп, шектүүнү күнөөлүү деп тапкан. Бирок аны мунапыс менен бошоткон. Адвокат мунапыс боюнча мыйзам мындай кылмыштарга карата колдонулбашы керек экендигин билдирген.
Чуулгандуу окуяга байланыштуу иштен алынган мурдагы чек арачы 2019-жылдын августунда Токмокто беш жана он жаштагы эки кызга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деп айыпталган. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп, сотто шектүүгө 14 жыл жаза мөөнөтүн сураган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, келишимдик негизде иштеген мурдагы чек арачы мас абалында Токмоктогу кичирайондордун биринде беш жашар кызга ыплас жоруктарды көрсөткөн. Ошол эле күнү коңшу турган көп кабаттуу үйдүн алдында отурган эки секелектин бирин кучактап, ыплас аракеттерди жасаган. Күбөлөр көрүп калгандан кийин качып кеткен. Тергөө анын күнөөсү экспертизада жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденген деп эсептейт. Беш жана он жаштагы эки кыз тең окуядан кийин психологиялык жактан жабыр тартканын укук коргоочулар жана алардын ата-энелери айтып жатышат.
Ишти алгач Токмок шаардык соту карап, быйыл апрелде ыплас аракеттер үчүн айыпталган беренени «Бейбаштык» беренесине которуп, шектүүнү камактан бошоткон. Жабырлануучулар буга макул болбой Чүй облустук сотуна кайрылышкан.
Айыпталуучу тарап окуя тууралуу комментарий берген жок. (NT)