Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154 айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.
Жаңы катталгандар:
- Баткен облусунда - 63;
- Чүй облусунда 41;
- Жалал-Абад облусунда - 40;
- Ош облусунда - 23;
- шаарында - 19;
- Бишкек шаарында - 17;
- Ысык-Көл облусунда - 10;
- Талас облусунда - 1;
- Нарын облусунда - 1.
2-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 28и - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3294 адис вирус жуктурду. Алардын 3029у сакайды. 80ден ашууну көз жумду.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 2-октябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 200дөн ашты. Алардын 1 миллион 21 миңден көбү көз жумду, 24 миллионго жакыны бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер:
АКШ - 7 277 759;
Индия - 6 312 584;
Бразилия - 4 847 092;
Орусия -1 179 634.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)