Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

«ОреnDemocracy» Элнура Алканова менен кызматташканына өкүндү


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

«ОреnDemocracy» (ODr) долбоору журналист Элнура Алканова менен кызматташканы үчүн өкүнүчүн билдирди. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан бул ресурс 2-октябрда «Кыргызстандагы бажы жаңжалында мурдагы журналисттин ролу боюнча суроолор» аттуу макала жарыялады.

Анда «ОреnDemocracy» менен буга чейин кызматташып келген Элнура Алканованын Кыргызстандагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы талданган. Макала чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакуловдун айткандарына таянып, Алканованын Матраимовдор менен байланышта болгону жөнүндө баяндайт.

Ушундан улам «ОреnDemocracy» Элнура Алканова менен кызматташканы, аны иликтөөчү-журналист катары кадыр-баркын көтөрүп, эл аралык сыйлыкка көрсөтүп, сүрөгөнү үчүн өкүнүчүн билдирген.

«Биз бул макалада мурдагы журналист Элнура Алканованын Кыргызстандагы Матраимовдордун таасирдүү үй-бүлөсү менен байланышын талдадык. Бирок «OpenDemocracy» Алканованы иликтөөчү журналист катары легитимдештирип, эл аралык журналисттик сыйлык түрүндөгү финансылык байге алышына жардам бергени түшүнүктүү болду», - деп айтылат анда.

Ошондой эле редакция Алканова парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бирге аттанганы белгилүү болгондон кийин «OpenDemocracy» үчүн 2018-2019 жылдары жазган макалаларын текшерип чыкканы, бирок ал кездеги макалаларда Матраимовдорго жан тарткан белгилери аныкталбаганын билдирген.

Буга кошумча «ОреnDemocracy» редакциясы Алканованы сүрөгөнү үчүн терең өкүнүп, «ODr коомдук кызыкчылыкты беттеген жогорку сапаттагы журналистиканы ишке ашырууну көздөйт, бирок бул маселеде андай болгон жок» деп билдирген.

Бул макала боюнча Элнура Алканова эч кандай комментарий бере элек.

28 жаштагы Алканова - бишкектик журналист. Ал «Азаттык» бажы тармагындагы коррупция боюнча иликтөө жүргүзгөн соң, анын аныктыгынан күмөн санаган репортажын жарыялаган.

Ал учурда айрым маалымат каражаттарында Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышта болушу мүмкүн деген шек пайда болуп, Элнура Алканова аны четке кагып келген.

Быйыл Кыргызстанда коронавирус күчөп турган айларда ал Ысмайыл Матраимов атындагы фонд менен түздөн-түз иштешип жүрдү. Учурда Алканова «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде сегизинчи орунда ат салышып жатат.

XS
SM
MD
LG