Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

УКМК: Финполдун кызматкери пара алып жаткан жерден кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекетттк кызматтын (Финансы полициясы) өкүлү «өтө чоң өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалганын» 2-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер менчик компаниянын өкүлдөрүнөн кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып бериш үчүн 1500 доллап акча алып жатканда колго түшкөн. Кармоо операциясына Финполдун Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери да катышкан.

УКМК кармалган улук ыкчам кызматкер менчик компаниянын мамлекетке салык төлөбөгөнү боюнча маселени оңунан чечип берерин айтып акча талап кылып турганын билдирди. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында иштер жүрүп, бул ишке башка кызматкерлердин катышы бар-жогу иликтенип жатканы кабарланды.

5-сентябрда Финансы полициясы УКМК кызматкери пара менен кармалганын жарыялаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG