Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:28

Алканова «OpenDemocracy» долбоорундагы макалага жооп кайтарды


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова «OpenDemocracy» (oDR) басылмасына жарыяланган макала боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал макалада айтылган дооматтарды четке кагып, Улукбек Бабакулов ага мындай сунуш менен өзү кайрылганын билдирди:

«Улукбек Бабакулов азыр гуманитардык виза менен Францияга кеткен. Ал жакта үй-бүлөсү менен турат. Мага жардам сурап кайрылган. «Акча жактан кыйналып жатам. Мага кандай жардам болсо да бер. Мага акча берсеңер Матраимовдор тууралуу каалаган нерсени жазып берем» деген. Мага жарым жылдан бери дайым жазып, чалат. Мен ага жардам берем деп, кайра мени жаманатты кылып салды. Саймаитиден интервью алууну өзү сунуш кылган. Түркияга барса «билетин сатып берели» деп да сөз болгон. Бирок мен Саймаитини таба албай койгом. Райымбек Исмаиловичтен да «Саймаитини таап бериңиз» деп суранганмын. Бирок ал киши деле Саймаитини тааныбайт, билбейт экен. Кийин ушул үгүт учурунда медиа тармагын мен тейлеп калганда да Улугбек Бабакулов мага кайрылып, «пикир жазам, фейктер менен иштейм» деп суранган. «Биз фейктер менен иштебейбиз, таза иштейбиз. Франциядан эмес, бул жакка келип иште» дегем. Ошентсем мага таарынып, чуркап барып интервью берип атпайбы. Аны мен Кудайга койдум. Ал эми ODr менен мен 2018-жылы эле бир-эки жолу макала жазып иштешкем. Алар менен келишим да түзгөн эмесмин».

«Азаттык» бул боюнча журналист Улукбек Бабакулов менен да байланышты.

«Алканова чындап эле мага кызматташууну сунуш кылган. Албетте, мен ошол замат эле каршы болуп койсом болмок, бирок мага кызык болду. Ошентсе да мен иштеген жокмун. Ошондуктан Алканова мага дайым «эмнеге иштебей жатасың, эч нерсе жазбай жатасың, сага акча төлөбөйбүз» деп нааразы боло берчү. Алар мага бир да тыйын төлөшкөн эмес. Бирок «айына миң доллардай төлөйбүз» деген. Мен болсо «Европа үчүн ал жетишсиз, мага кеминде миң евро төлөп бергиле» дегем. Алар макул болушкан. Элнурага мен биринчи байланышкан эмесмин. Ал убакта Элнура Матраимовдорго иштеп жатканын аябай жашырып жүргөн. Ал кезде мен анын Матраимовдорго иштеп жүргөнүн билчү да эмесмин. Албетте, ал андай сөздөрдү айта берет», - деди Бабакулов.

«ОреnDemocracy» (ODr) долбоору 2-октябрда «Кыргызстандагы бажы жаңжалында мурдагы журналисттин ролу боюнча суроолор» аттуу макала жарыялаган. Анда «ОреnDemocracy» менен буга чейин кызматташып келген Элнура Алканованын Кыргызстандагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы талданган. Макала чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакуловдун айткандарына таянып, Алканованын Матраимовдор менен байланышта болгону жөнүндө баяндаган болчу.

Ушундан улам «ОреnDemocracy» Элнура Алканова менен кызматташканы, аны иликтөөчү-журналист катары кадыр-баркын көтөрүп, эл аралык сыйлыкка көрсөтүп, сүрөгөнү үчүн өкүнүчүн билдирген.

XS
SM
MD
LG