Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Армения Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүү баштоого даяр экенин билдирди


Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында Минск тобу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Ереван Азербайжандын Тоолуу Карабакта курал колдонушун жана Түркиянын бул чатакка аралашып жатканын айыптаган.

Расмий Баку билдирүү боюнча комментарий бере элек. Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь эртең менен Тоолуу Карабакка чектеш стратегиялык бийиктикти ээлегенин кабарлады.

Атышуу түнү бою уланганын Армениянын аскердик жетекчилиги да ырастады.

Буга чейин БУУ, Европа Биримдиги баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө жаатташкан тараптарды Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышкан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG