Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Сузакта милиция менен чырдашкандар кармалды


Кармалгандардан алынган далил буюмдар.
Кармалгандардан алынган далил буюмдар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузакта милицияга баш бербей, каршылык көрсөткөнгө аракет кылган куралчан кишилер кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2-октябрда түштөн кийин Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Милиция ыкчам маалыматтын негизинде ВАЗ2121 үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочуну текшере баштаган учурда белгисиз кишилер келип, ызы-чуу салышкан. Алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтө баштаганда күч кызматкерлери эскертүү иретинде ок атышкан.

Каршылык көрсөткөндөрдүн бири “Нива” үлгүсүндөгү машинеге отуруп, качып кетүүгө аракет кылганда кармалган. Ал 23 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталып, жанынан травматикалык ок атуучу курал, бир даана магазин жана 13 даана ок табылган.

Факты боюнча Жазык кодексинин 355-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде иликтөө башталып, окуяга катышы бар башка кишилердин да тек-жайы аныкталган. Алардын бири мурда адам өлтүрүүгө айыпталып, камалып чыккан 43 жаштагы жергиликтүү тургун. Ал 3-октябрга караган түнү кармалды. Милиция андан тышкары дагы бир адам колго түшкөнүн маалымдады. Иш Облустук ички иштер башкармалыгында териштирилип жатат. (SE\TB)

XS
SM
MD
LG