Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Ооганстанда теракт ондон ашык кишинин өмүрүн алды


Нангархар провинциясындагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт. 3-октябрь, 2020-жыл.
Нангархар провинциясындагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт. 3-октябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында мина коюлган автоунаанын жарылуусунан ондон ашык киши каза болуп, кеминде 30 киши жаракат алды.

Гани Кхель районунун расмий өкүлдөрү чабуул 3-октябрда административдик имаратка коюлганын, ал жерде аскердик объектилер да жайгашканын маалымдашты.

Куралчан жоочулар жардыруудан кийин имаратка кирүүгө аракет кылып, бирок коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөнүн AFP агенттигине провинциянын бийлигинин расмий өкүлү Аттаулла Хогьяни билдирди.

Бийлик жардыруу үчүн талибдерди айыптап жатат. Азырынча окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Жергиликтүү полициянын өкүлү Фарид Хандын маалыматына караганда, курмандыктардын арасында коопсуздук кызматкерлери жана карапайым жарандар да бар.

АКШнын ортомчулугу менен «Талибан» кыймылы жана ооган өкмөтүнүн ортосунда Катарда сүйлөшүү өтүп жаткан кезде Ооганстанда зомбулук, кол салуу күчөгөнү байкалууда.

XS
SM
MD
LG