Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Түркиядагы кыргызстандыктар эки шайлоо тилкесинде добуш беришет


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоого карата Түркияда Анкарадагы элчиликтин жана Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун имараттарында шайлоо тилкеси ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Бул эки тилкеде жалпысынан 1218 шайлоочу катталган. Анкарада 714, Стамбулдагы башкы консулдукта 504 шайлоочу бар. Анкарада добуш берүүчүлөрдүн саны мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу эки жарым эсе көбөйгөн. Стамбулда каттоодон өткөндөр азайган.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө 32 602 шайлоочу бар экенин кабарлаган. Алар үчүн 45 шайлоо участогунда добушканалар иштеп жатат.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу иштеген. (ElB)

XS
SM
MD
LG