Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Нарында электрондук үкөктөр иштебей калып жатат


Нарындагы парламенттик шайлоо.
Нарындагы парламенттик шайлоо.

Нарында добуш берүүчү электрондук үкөктөр жакшы иштебей, шайлоочулар күтүп калып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын районунун Оттук, Дөбөлү, 8-март айылдарында ушундай көрүнүштөр байкалган. Ал эми Дөбөлү айыл аймагынын башчысы Улан Алсеитов үкөк эки сааттай иштебей турганын, шайлоочулар кезек күтүп топтолуп калганын белгиледи.

Саат 12:00гө карата облустагы шайлоочулардын 22% добуш берди.

Нарын облусунда 189114 шайлоочу бар. Алар 171 шайлоо участогунда добуш берип жатышат.

Электрондук үкөктөр иштебей калган учурлар Ош, Талас облустарында да байкалды. (Mik)

XS
SM
MD
LG