Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Облустарда шайлоочулардын 20% жакыны добуш берди


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Баткен облусунда түшкү саат 12ге чейин жалпы 50 632 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 17,8% түзөт.

Добуш бергендердин 7124ү Баткен районунда, 2378и Баткен шаарында, 19 454ү Кадамжай районунда, 5905 киши Кызыл-Кыя шаарында, 13 856 адам Лейлек району менен 1915 киши Сүлүктү шаарында катталды.

Баткенде жалпысынан 284 265 шайлоочу бар.

Талас облусунда 12ге чейин 28 539 киши добуш берди. Алардын эң көбү - тогуз миңдейи Кара-Буура районуна туура келет. Жалпы шайлоочулардын саны - 149 миң адам. Жалпы облус аймагында 149 058 шайлоочу, 117 шайлоо тилкеси бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын жети миңден ашыгы Талас шаарынын он участогунда каттоого турган. Күндүн биринчи жарымында Талас шаарындагы добушканаларда узун кезек пайда болду.

Ысык-Көлдө түшкө чейин 47 083 киши добуш берип, жалпы шайлоочулардын 16,5% түздү. Бул облуста 290 749 шайлоочу бар. №2 форма менен 13 951 киши добуш берүү үчүн арыз жазган.

Нарын облусунда жалпы шайлоочулардын 10% добуш берди. Бул аймакта мыйзам бузуу каттала элек. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189 114.

Жалал-Абад облусунда 12ге чейин шайлоочулардын 20-25% добуш берди. Аймакта 448 шайлоо тилкеси бар. Жалпы шайлоочулардын саны - 643 774. Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, көзөмөлдөө үчүн миңден ашуун милиция кызматкери тартылган. 3533 шайлоочу көчмө үкөк менен добуш берүүгө арыз калтырган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG