Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Караколдо добушканада шайлоочу эс-учун жоготту


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Караколдогу №3153 шайлоо участогунда шайлоочу эс-учун жоготуп, аны «Тез жардам» алып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган шайлоо участогунун төрайымы Рахат Дюшембиева маалымдады:

«Шайлоо өз нугунда башталды, байкоочулар көз салып жатат. Бирок саат 10:30 чамасында шайлоочубуз кирип келе жатып эле эс-учун жоготуп койду. Биздеги медайым ага алгачкы жардам көрсөтүп, «Тез жардам» чакырттык. Галина Платовская, 54 жашта».

4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоону өлкө боюнча беш миңден ашык медициналык кызматкер көзөмөлдөөдө. Шайлоочулардын арасында санитардык, гигиеналык тазалыкты сакташ үч миллион 410 миң кошумча беткап бөлүнгөн. Дене табы жогору адамдар добушканаларга кечке маал кирип, добуш бере алышат. Ошондой эле өлкөдөгү ооруканаларда кошумча керебеттер коюлуп, «кызыл зоналар» бейтаптарды кабыл алууга даярданышкан.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва шаарында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. (KS)

XS
SM
MD
LG