Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

БШК: Саат 10:00го чейин 236 921 кыргызстандык жаран добуш берди


Кыргызстанда парламенттик шайлоо жүрүп жатат. 4-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо жүрүп жатат. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге маалымдагандай, бүгүн, 4-октябрь, саат 10:00гө карата жалпы шайлоочулардын 6,172% добуш берди.

Тагыраак айтканда саат 10:00гө карата 236 921 шайлоочу добуш берди.

Алдын-ала добуш берүүдө катталган 29 320 шайлоочунун 24 472си 3-октябрь күнү добуш берди. Калгандары бүгүн добуш бере алышат.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды. Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG