Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Президент Жээнбеков: Шайлоо өнөктүгү ачык-айкын жүрдү


Президент Сооронбай Жээнбеков добуш берип жатат. Бишкек, Кыргызстан, 4-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков добуш берип жатат. Бишкек, Кыргызстан, 4-октябрь, 2020-жыл.

«Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоодо бир да партияга артыкчылык көрсөтүлүп же кысым жасалган жок». Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда добуш бергенден кийин журналисттерге билдирди.

«Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү, - деди ал. - Мамлекеттик телеканалдардан партиялардын дебаттары ачык берилди. Сын-пикирлерди айтууга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Программаларын да эркин айтышты. Шайлоо өнөктүгү курч маанайда өттү».

Мамлекет башчы шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда журналисттердин да салымы чоң болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди. Президент Жээнбеков бул жараяндан өлкөдө күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги бар экени байкалганын белгиледи. Ал ошондой эле президент катары шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шарт түзүп бергенин кошумчалады:

«Президент катары мен шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө мыйзам алкагында бардык милдеттеримди аткардым. Болушунча шарт түздүм. Добуш берүүгө бардык мекендештеримди чакырам. Шайлоочунун добушу баарын чечет. Кайдыгер болбой, добушуңарды бергиле. Ар бир жарандын добушу мамлекеттин келечегине таасир этет. Бүгүн бизге дүйнө көз салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгына эч кандай шек саноо болбошу керек. Биз үчүн коомдун туруктуулугу, элдин тынчтыгы абдан бийик. Муну унутпайлы».

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги №5 компьютердик гимназияга жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди.

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн 2475 тилке даярдалды. Анын 45и чет мамлекеттерде.

Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG